Быйыл Социалдык фонддун кирешеси 34 млрд 239 млн сом болоору күтүлүүдө

Быйыл Соцалдык фонддун кирешеси 34 млрд 239 млн сом, ал эми чыгашасы 35 млрд 760 млн сом болоору күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин бүгүнкү, 22-январдагы, жыйынында Соцфонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Анын айтымында, бюджеттин тартыштыгы 1,5 млрд сом болоору болжонууда. Бул тартыштыкты жабуу үчүн Социалдык фонд каражат тапты.

"Социалдык фонддун бюджетинин тартыштыгы 1 млрд 521 млн сом деп күтүлүүдө. Бул тартыштыкты жоюу үчүн биз 950 млн сомду бөлөбүз. Аталган каражат 2012-жылдын бюджетинен профицит болгон. Ошондой эле кошумча 392 млн сомду чарбалык субъектилердин камсыздандыруу үчүн төккөн каражатынан алуу пландалууда. Дагы 270 млн сомду мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөргөндөн түшө турган салыктан алууну пландап жатабыз. Экинчи пункт боюнча маселе чечиле элек. Анткени өкмөттүн тийиштүү токтому жок", - дейт Абулгазиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД