Бакир уулу акыйкатчылыкка ким татыктуу экенин жана Акундун алдамчылыгын айтты

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу өзүн акыйкатчылык кызматка күчтүү талапкерлердин бири экенин бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун эртең Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоо алдында ыплас методдорду колдонууда.

"Жакында менин мурдагы партиялашым Назарбек Нышанов Акундун тапшырмасы менен маалымат жыйын берип, мага жалган жалаа жапты", - дейт ал.

Нышанов Бакир уулу үй-бүлөсүн бузган, Ошто 8 үйү бар жана ал жерде сойкулар үчүн жай ачты деп билдирген.

"Мага күйөөсүнөн таяк жеген аял кайрылды. Мен аны бир нече жолу милицияга чакырдым. Ал эми 8 үй тууралуу – менин Ошто бир да тамым жок. Мен динге ишенген адаммын, андай жаман жайларды ачуудан алысмын", - дейт депутат.

Бакир уулу ошондой эле Акун менен кармашпай тургандыгы тууралуу сөз бергенин айтты.

"Эгер мен Акунду каралагым келсе, анда анын баласы жана пенсионердин табышмактуу өлүмү тууралуу айтмакмын. Акундун баласы президенттик аппаратта иштейт жана Акундун коомдук кеңешчиси да болуп кызмат кылат. Пенсионердин табышмактуу өлүмүнөн кийин ал ошол турак-жайдын ээси болуп калган", - деп кошумчалады эл өкүлү.

Бакир уулу өзү акыйкатчы болуп иштеп турганда 128 573 арызды караганын, ал эми Акун болсо болгону 47 974 арызды караган деп билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД