Ибрагим Жунусов: Филармониянын имараты өз максатында колдонулбай атат

Бүгүн маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов "филармония өз максатында колдонулбагандыктан маданият ишмерлери жапа чегип атат" деп билдирди.

Анын айтымында, бир катар маданият ишмерлери филармониянын имараты өз максатында колдонулбай атканын айтып, ар бир депутатка жана министрдин өзүнө кайрылышкан. Артистердин тобун киноактер Жамбыл Камчиев жетектейт жана алар имаратта "Пекин" рестораны жана башка коммерциялык объектер жайгашканын жазышкан. "Аларды алыш керек",- дейт Жунусов.

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова филармониядагы туалеттердин бирөө ресторанга берилгенин, андыктан ал жерде аялдар менен эркектердики аралаш экенин кошумчалады.

Камчиев депутаттарга жана парламентке жазган катында филармониянын залдары үчүн ижаража акысын бирдей кылуу керектигин жазган. Жунусовдун айтуусуна караганда ижара акысы азыр саатына 15-25 миң сомго чейин. Ошондой эле филармониянын директору Мира Усенбаева бааны 20%га чейин түшүрүү укугу бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД