Иса Өмүркулов: Шаардагы бардык структура мэрияга баш ийиш керек

"Борбор калаа өзүнүн так статусун алышы керек деп ойлойм". Мындай билдирүүнү Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов "Борбор калаанын статусу жөнүндөгү" мыйзамдын кабыл алынуусун колдоп атып билдирди.

Шаар башчынын айтымында, Бишкек шаарынын статусу мыйзамдын деңгээлинде жазылышы керек. Ал жерде шаардын түзүлүшү, мэрдин статусу, шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун процедурасы так жазылышы керек.

"Шаардын бардык жашоо аракеты ал жерде жазылышы керек. Аталган мыйзам мэрдин ыйгарым укуктарын аныктап, аны такташы зарыл. Анткени мен бүгүн мындайынан караганда шаар башчысымын, бирок энергетиктерге таасир бере албайм. Ошондуктан алар мага баш ийбейт. Газ берүүчүлөргө да эч кандай таасир бере албайбыз" , - деди мэр.

Өмүркулов ыйгарым укуктар так жазылбагандыктан шаарда курулуп аткан курулуштун мыйзамдуулугун жана аны реконструкциялоода эч кандай көзөмөл кыла албай атканын баса белгиледи.

"Бардык структуралар мэрге баш ийиш керек. Эгер биз шаарга жооп бере турган болсок, анда мыйзамды кабыл алуу керек. Ыйгарым укуктарды так жазуу керек. Анан ошол ыйгарым укуктар боюнча суракка алып, жоопкерчилик деңгээлтн аныктоо керек", - дейт шаар башчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД