Башкы прокурор Садыр Жапаровдун ага карата айткан айыбын текшерүүнү тапшырды

Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянова Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгына "Ата-Журт" фракциясынын камалган депутаты Садыр Жапаровдун анын дарегине айткан айыптоолорду текшерүүгө тапшырма берди. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда, Башкы прокуратурадан "ВБ"га билдиришти.

Башкы прокуратурадан билдиргендей, атажуртчу депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун 1-февралдагы сот ишинде "Ата-Журт" фракциясынын мурдагы лидери Жапаров башкы прокурор Аида Салянова "Кумтөр" боюнча коррупциялык иштерге тийиштиги бар деп билдирген болчу.

"Ушундан улам Салянова тергөө жүргүзүү үчүн МУККга тапшырма берди. Эгер айыптоолор такталбаса, Жапаров тийиштүү жазасын алышы керек", - деп билдирет өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органынан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД