Кубатбек Кожоналиев: 3-октябрдагы митингге адвокат катары катышкам

Мурдагы аскер прокурору, 2012-жылдын 3-октябрындагы митингди уюштурууга катыштыгы бар деп айыпталып аткан Кубатбек Кожоналиев өзүнүн Facebook социалдык тармагы аркылуу сотторго жана ЖМК өкүлдөрүнө кайрылды. Ал билдирүүсүндө митингге "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаровдун адвокаты катары чакырышканын жазат. "Тергөө органынын кызматкерлери мени кылмыш жоопкерчилигине тартууга укугу жок болчу", - деп жазылат билдирүүдө.

Кожоналиев ошондой эле юрист катары "Кумтөр" боюнча демилгечи топтун кайрылуусун жана митингдин резолюциясын талкуулоого катышканын кошумчалаган.

Андан сырткары генерал-майор тергөө органдары тарабынан кетирилген мыйзам бузууларды атады.

"Адвокатка карата кылмыш иши башкы прокурор же анын жардамчысы тарабынан гана козголот. Прокуратуранын ардактуу кызматкери катары мага башкы прокурор гана кылмыш иш козгой алат. Бирок андай болгон жок", - деп жазат Кожоналиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД