Камчы Көлбаев МУККнын убактылуу тергөө абагында 8-мартка чейин калтырылды

Мыйзамдагы ууру делинген Камчы Көлбаев МУККнын убактылуу тергөө абагында 8-мартка чейин калтырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинен "ВБ"га билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2-февралда сот ишине төрагалык кылган Биринчи Май райондук сотунун судьясы Көлбаевди камакка алуу мөөнөтүн узарткан.

Алгач Көлбаевди 8-январга чейин камакка алуу чечими кабыл алынган болчу.

Эскертсек, Көлбаев Дубайдан Бишкекке 8-декабрда алынып келинген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД