"Кыргызфильм" "Чоро" аттуу документалдык фильмдин бет ачарын жасады

Кыргызстандын эл артисти Чоробек Думанаевге арналган кинотасмасынын бет ачары 2-февралда Кино үйүндө болуп өттү.

Киносынчы Гүлбара Төлөмүшованын айтымында, актердун 60 жылдыгына карата тартылган кинонын режиссеру Мурат Мамбетов. Тасма "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы тарабынан тартылган.

"Чоро" тасмасы жумшак, лирикалык мүнөздө тартылган. Анткени бул сапаттар Чоробек Осмоновичтин жашоо образында бар", - дейт Төлөмүшова. – Ал өзүнүн кино жана театрдагы жашоосун эстейт, өзүнүн бирге иштеген коллегаларын, көзү өтүп кеткендерди жана учурда иштешип аткандарды да эстейт. Ошондой эле улуу агасы Асанкул Осмонов тууралуу жакшы пикирлерин билдирет. Ушул агасы аны маданияттын сыйкырдуу дүйнөсүнө алып келген", - дейт киносынчы.

Маалымат үчүн

Чоро Думанаев 1962-жылы 20 июнда Нарын облусунан Тянь-Шань районуна караштуу Миң-Булак айылында туулган. 1974-жылы Кыргыз академиялык драма театрынын актердук студиясын аяктаган.

"Улица" (режиссер Геннадий Базаров, 1972), "Водопад" (Юрий Борецкий, 1974), "Ак Кеме" (Болот Шамшиев, 1975), "Кызыл алма" (Толомуш Океев, 1975), "Танец орла" (Виктор Живолуб, 1975, Свердловская киностудия) жана башка тасмаларды кейипкерлердин образын жакшы ачып берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД