Парламент комитети педофилдерди химиялык бычууну колдоду

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө карата мыйзамга киргизилген толуктоону колдоого алды. Депутаттар кошумча кылмыш жазасы катары химиялык бычуу эсептелет дешет.

"Педофилдер эркиндикке чыгаарына 6 ай калганда аларга ийне саюу аркылуу химиялык кастрация жасалат. Ийне саюу камактагы кишинин физикалык жана психикалык абалын иликтеген медициналык комиссиянын корутундусунан кийин гана ишке ашат. Химиялык кастрация адамдын денесиндеги тестостеронду азайтып, сексуалдык тартылуусун басаңдатат. Ал бир айга чейин таасир берет", - дейт мыйзам долбоорунун демилгечиси, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев.

Ал ошондой эле статистикалык маалыматтар көргөзүп тургандай, химиялык кастрациядан кийин педофилдердин 80%ы мурдагыдай кылмышка барбайт.

"Мындай чара көрүү өспүрүмдөргө карата жасалган сексуалдык кылмыштын алдын алуу үчүн керек", -деп кошумчалады Бекешев.

Депутат 2011-жылы Кыргызстанда ушундай 83 кылмыш катталган болсо, 2012-жылы 73 өспүрүм зордукталганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД