Депутат ашынган педофил-кылмышкерлерди физикалык бычууну сунуштады

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети педофилдерге карата жазаны катаалдатуу боюнча мыйзам долбоорун карашты.

КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев педофилдерге карата физикалык кастрация жасоону сунуштады.

"Ашынган педофил-кылмышкерлерди мажбурлап туруп бычуу керек. Ошондо гана өспүрүмдөрдүн коопсуздугу кепилденип, ушул өңдүү кылмыштардын саны азаят", - дейт ал.

Андан сырткары, Тербишалиев зордукчуларды балдары жабыр тарткан салык төлөгөн ата-энелердин эсебинен бычуу туура эмес деп эсептейт.

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев педофилдери физикалык жактан бычуу өтө опурталдуу экенин белгилейт.

Анын айтымында, соттун чечими дайыма эле туура болбогондуктан, кээде зордукчуларга тагылган күнөө тастыкталбай калышы мүмкүндүгүнөн физикалык бычуу кооптуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД