Депутаттар материалдык абалынын начардыгына арызданышууда

Сурамжылоого катышкан 36 депутаттын 40%ы депутаттык мандат алгандан кийин материалдык абалы начарлагандыгына арызданышкан. 22%ы депутат болгондон кийин бизнесин токтотууга туура келип, материалдык абалы начарлаганын билдиришкен. 11% аз да болсо байыган. Мындай суромжылоонун жыйынтыгын "Жарандар коррупцияга каршы" укук борборунун директору Төлөйкан Исмаилова билдирди.

Эскертсек, 2012-жылдын 1-мартынан 2013-жылдын 31-январына чейин "Жарандар коррупцияга каршы" борбору башка уюмдар менен биргеликте Жогорку Кеңештин ишмердиги, бюджеттин колдонулушу жана парламенттин финансылык менеджментин баалоого багытталган анализ жүргүзгөн.

Долбоордун координатору Аида Байжуманова иликтөө учурунда бардык эле депутат кызматташууга барбаганын белгиледи.

Анын айтымында, 36 депутат гана сурамжылоого катышууга макул болгон. "Ар-Намыс" фракциясы эң ачык фракция болгон. Алардан 11 депутат макул болгон. Ал эми "Ата Мекен" фракциясы эң жабык болуп, болгону эки гана депутат макулдугун берген. КСДП, "Республика" жана "Ата-Журт" фракциясынан жетиден депутат макулдугун берген. Ошондой эле эркин депутаттар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов да суроолорго ачык жооп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД