Чоңдор арасында Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпиондору аныкталды

Кечээ жакында Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн чемптонатта чоңдор арасында Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпиону аныкталды.

Федерациядан билдиргендей, чемпионат - эл аралык турнирлерге катышуу үчүн курама команданы аныктоо үчүн өткөрүлгөн.

Эки күнгө созулган чемпионатка өлкөнүн аймактарынан келген спортчулар 7 салмак категориясы боюнча күч сынашкан.

Финалдык бетешүүнүн жыйынтыгы менен өлкөнүн чемпиондору Адилет Ботоканов (60 кг чейин), Ислам Баялинов (66 кг чейин), Азат Кубакаев (73 кг чейин), Чынгыз Чалабаев (81 кг чейин), Нурбек Раймалы уулу (90 кг чейин), Жаштар олимпиадасынын коло мебалынын ээси Болот Токтогонов (100 кг чейин), ал эми оор салмак категориясы боюнча олимпида-2012 оюндарынын катышуучусу Юрий Краковецкийге эч ким тең келе алган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД