Түп районунда жер титирөөдөн жабыр тарткан үйлөрдүн саны 103кө жетти

Жарандык коргоо боюнча комиссия Ысык-Көл облусунда болгон жер титирөөдөн келтирилген чыгымдарды иликтөөнү улантууда. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Эскертсек, 28-январда болжол менен саат 22.40та өлкө аймыганды күчү 7,5 балл болгон жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Каракол шаарынан 100 чакырым алыс жайгашкан.

Комиссиянын маалыматына ылайык, Түп районунда 103 турак үй жабыркаган.

Куткаруучулардын маалыматына ылайык, Түп районунда жалпысынан 30 курулуш жабыркаган, Тогуз-Булакта – 4 үй, Санташ, Байзаке, Кең-Сууда 25 курулуш жапа чеккен.

Ошондой эле жер титирөөнүн кесепети Сары-Булак, Чоң-Таш, Карасаев, Арал, Кутурган, Талды-Суу айыл аймактарына да тийген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД