Чүй районунда машина кары адамды өлтүрө сүзүп кетти

Чүй районунда катталган жол кырсыгында 77 жаштагы пенсионер каза болду. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, дем алыш күнү Токмок – Кошой трассасынан 23 жаштагы айдоочу жол жээгинде турган жергиликтүү тургунду коюп кеткен. Оор жаракат алган пенсионерди ооруканага алып келишкен. Ал эсине келбей, бир нече сааттан соң каза болгон.

Жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД