Ирина Карамушкина: Аскерлер орус тилин билүүсү керек

Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитетинин бүгүнкү жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина аскерлер орус тилин үйрөнүүгө убакыт бөлүшү керек, анткени алар Орусияга окуш үчүн да барып атышат деп белгиледи.

"Мен өз тажрыйбамда көп эле байкадым, жаш аскерлер мени түшүнүшпөйт, аларга суроолорду которуп бергенге туура келди", - дейт Карамушкина.

Анын партиялашы Исмаил Исаков бардык аскер офицерлери Орусияда окугандыктан, же ал жакта тажрыйбадан өткөндүктөн алардын орус тилин билүүсү боюнча эч кандай көйгөй жаралбай турганын билдирди. "Өзгөчө замбирекчилер орус тилин билүүсү керек, анткени бардык терминдер орус тилинде. Себеби, бизде мамлекеттик тилде терминологиялык сөздүк жок", - дейт Исаков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД