Марат Аманкулов: Шаардык кеңеш транспортко болгон тарифти көтөрүүнү караган жок

Бишкек шаардык кеңеш транспортко болгон жол кире тарифин көтөрүүнү каалабайт. Бул тууралуу бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов билдирди.

"Азырынча мэрия тарифтерди көтөрүүнү сунуштай элек. Эгер андай сунуш болсо, ал маселени карап чыгабыз", - дейт ал.

Шаардык кеңештин төрагасы тарифтерди көтөрүү "кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы эмес, зарылчылык" экенин белгиледи. "Күйүүчү май кымбаттоодо, автопарк жараксыз абалга келүүдө. Бул факторду да эске алуу керек", - дейт Аманкулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД