ШИИБ Бишкектин чок ортосунда милиционерлердин мушташканын жокко чыгарды

Бишкек ШИИБи жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери борбор калаанын чок ортосунда мушташты деген маалыматты жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн шаардык ички иштер башкармалыгынан "ВБ"га билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү кечинде "ЦУМ" соода комплексинин алдында жол көзөмөлдөө кызматынын (ЖКК) кызматкерлери мушташып атат деген билдирүү келип түшкөн. Текшерүү учурунда эч кандай андай факты катталбаганы аныкталган. ЖККнын кызматкерлери терезеси караңгылатылган машинаны токтотушкан. Машинаны ИИМдин кызматкери айдап бараткан делинүүдө. Ал караңгылатылган айнекке тийишпөөнү жана тез кое берүүнү талап кылган. Кийин аларга дагы бир эркек киши келген. Ал Бишкектин Октябрь РИИБинин кызматкери деп таанышкан. Ал да мушташканга аракет кылган. Бирок ал окуя болгон жерден ыкчам топ келгенге чейин эле кетип калган.

"ЖККнын бир да кызматкери эч кандай жаракат алган эмес. Болгону кайым айтышуу гана болгон, мушташ болгон эмес", - деп билдирди ШИИБ.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД