Ошто тоноочулук боюнча үч кыз кармалды

Ошто милиция кызматкерлери тоноочулукка шектүү деп үч кызды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин кызматкери билдирди.

19 жаштагы кыз аны тоноп кеткендигин айтып, арыз менен кайрылган. Ал таанышынын үйүндө конок болгонун айтат. Кыздын айтымында, аны үч кыз токмоктоп, курткасын жана зер буюмдарын тартып алышкан. Изи сууй элегинде Ош ИИБдин кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери 16 жаштагы кызды жана анын курбуларын кармашкан.

Учурда аларга карата кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД