Литвалык компания акциздик маркаларды март айынын ортосунда алып келип баштайт

1-фералда Мамлекеттик салык кызматы (МСК) акциздик маркаларды жасаганга жана аларды Кыргызстанга алып келүү боюнча тендерден жеңип чыккан литвалык Garsu pasaulis жабык акционердик компаниясы менен келишим түздү

МСКнын басмасөз кызматы билдиргендей келишимге салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев менен Garsu pasaulis жабык акционердик коомунун коргоо басма департаментинин жетекчиси А.Лукошевичьюс кол койгон.

Келишимге ылайык, аталган компания акциздик маркаларды өлкөгө 2013-жылдын 15-мартынан баштап алып келет.

Эскертсек, 2013-жылдын 24-январында тендердик комиссиянын чечими менен литвалык Garsu pasaulis жабык акционердик коому тендердин жеңүүчүсү деп табылып, Кыргызстан үчүн акциздик маркаларды даярдап, алып келүү укугуна ээ болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД