2010-жылдын июнь коогасында жабырланган 500дөй киши турак жай оңдоого акча алган

2010-жылдын июнь коогасында Жалал-Абат облусу боюнча 439 жеке турак жай жабыр тарткан. Бүгүнкү күнү алардын баардыгы турак жайды калыбына келтирүү үчүн өкмөт тарабынан берилчү жөлөк пулду алышты. Бул тууралуу кечээ, 4-февралда, Жалал-Абатта өткөн маалымат жыйында өкмөттүн облус боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева билдирди.

Анын айтымында, турак үйлөр Жалат-Абат жана Базар-Коргондо гана жабыр тарткан. Бардык үй ээлерине турак жайын калыбына келтирүү үчүн 150-200 миң сомдон төлөнүп берилген.

Башкы көйгөй болуп этникалык кагылыш учурунда каза болгондордун үй-бүлөсү үчүн курулган көп кабаттуу үйдүн курулушу болууда. Аны куруп бүтүрүү үчүн Ош жана Жалал-Абатты калабына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясы акча бөлбөй атат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД