Жалал-Абат облусунда элдин массалык эмиграциясы байкалууда

Акыркы жылдары Жалал-Абат облусунда элдин башка аймактарга жана чет мамлекетке болгон массалык эмиграциясы байкалууда. Бул тууралуу кечээ, 4-февралда, Жалал-Абатта өткөн маалымат жыйында өкмөттүн облус боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева билдирди.

Анын айтымында, элдин агылуусу өзгөчө айыл жеринде байкалууда. Ошол эле учурда геологиялык чалгындоочу компаниялардын жана жаңы жумуш ордуларынын пайда болушу менен акыркы убактарда Базар-Коргон жана Чаткал райондорунда калктын саны көбөйгөнү байкалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД