ИИМдин Ички аскерлиги мамрезиденцияны, МУКК биринчи жетекчилерди кайтарат

ИИМдин Ички аскерлигинин №702 аскердик бөлүгү №1 мамлекеттик резиденциянын аймагын кайтарат. Бул тууралуу ИИМден билдирди. Ал эми Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын (МУКК) №9 башкармалыгы резиденциянын ичинде жашаган мамлекеттик биринчи жетекчилерди кайтарат.

Эскертсек, 3-февралда №1 мамлекеттик резиденцияны кайтаруу нөөмөтү учурунда 39 жоокер качып кеткен болчу.

Мындан мурдараак МУКК бул маалыматты жокко чыгарганга аракет кылып, мамлекеттик резиденцияны бир гана №9 башкармалыктын аскерлери (мурдагы мамлекеттик коргоо кызматы) жана Улуттук гвардия кайтарат деп билдирген эле. Ошентсе да ИИМ №702 аскер бөлүгүнин милдети "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагын кайтаруу экенин маалымдады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД