Билим берүүнү өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 15 млн евро жана $16 млн берилет

Билим берүүнүн стратегиясын өнүктүрүүгө Кыргызстан 15 млн евро жана 16 млн доллар алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылы жасаган иштери тууралуу айткан министр Канат Садыков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, стратегия 2012-жылдын мартында Кыргызстандын өкмөтү тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, бир катар иш-чаралар өткөрүлүп жана аларды ишке ашыруу камтылган.

"2012-жылдан 2014-жылга чейин үч жылга пландалган стратегияны ишке ашырууга биздин туруктуу өнөктөшүбүз Европа бирдиги жана Европалык өнүгүү банкы жардам берет. Алардан министрлик кабыл алынган стратегияны ишке ашыруу үчүн материалдык жардам алат", - дейт министр.

Садыков стратегияны ишке ашыруу үчүн Европа бирдиги 15 млн евро, Европа өнүктүрүү банкы 16 млн доллар бөлөрүн тастыктады. Аталган каражаттар кайтарымсыз негизде берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД