Аргынбек Малабаев: "Кыргыз темир жолун" акционерлештирүү зарыл

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясын акционерлештирүү зарыл", - деп Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуг комитетинин көчмө жыйынында ишкананын директору Аргынбек Малабаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын темир жолу мамлекеттик болгондуктан ал эптеп эле жан сактап келе жатат жана инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк да бербей келет.

Малабаев "Кыргыз темир жолунун" транзит үчүн Орусия тарапка болгон карызы 14 млн доллар экенин белгиледи.

Карыз 1993-жылдан бери чогулган. Алгач карыздын көлөмү 23 млн доллар болчу, бирок аны кыскартууга мүмкүн болгон. Орусия тарап менен туум жана айып пул салынбайт деп сүйлөшүүгө жетишилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД