2012-жылы 7 миңден ашык мугалим квалификациясын жогорулаткан

"2012-жылы квалификациясын жогорулаткан мугалимдердин саны дээрлик көп болгон", - деп Билим берүү жана илим министрлигинин өткөн жылы жасаган иштери тууралуу айтып атып маалымат жыйында Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, беш жыл мурда курстарга болгону 3 536 киши тартылган болсо, 2012 –жылы 7 064 мугалим тартылган.

"2013-жылы биз бул багытта ишти жакшыртуу үчүн жана жергиликтүү мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш алып барабыз", - деди министр мырза.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД