"Кыргыз темир жолу" 15 млн швейцариялык франк карызын төлөй албай келет

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы 2013-жылдын январь айына карата "Казакстан темир жолу" улуттук компаниясына жана "Орусия темир жолу" ААКына 15 миллиондон ашык швейцариялык франк карыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында улуттук компаниянын директору Аргынбек Малабаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын январь айында Кыргыз темир жолунун 4,2 миллиондон ашык франк карызы бар болчу.

Малабаевдин айтымында, орусия жана казак тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдөн улам "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын карыздарын реструктуризациялоого мүмкүн болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД