Депутаттык комиссия: Атамекенчи депутаттардын тоноочулукка тийиштиги бар

"Ата Мекен" партиясынын депутаттары апрель окуялары учурунда чындап эле тоноочулукка барып, барбаганын иликтеген депутаттык комиссия өз жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, "Ата Мекен" фракциясынын лидери жана анын орун басары 7-8-апрелдеги морадерчулукка кыйыр тиешеси бар. Депутаттык комиссияга "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов жетекчилик кылган. Депутаттык комиссия өз бүтүмүн бешке бөлүп көргөзгөн.

Биринчи бүтүм. "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Туратбек Мадылбеков жана Райкан Төлөгөнов Абдулла Юсупов менен тааныштык мамиледе болушкан жана Райкан Төлөгөнов аркылуу байланышта болушкан. 2010-жылдын 7-8-апрелинде алар Юсуповду жана анын тобун Бакиевдердин мүлкүн жана жакындарын тоноо максатында пайдаланышкан.

Экинчи бүтүм. Өмүрбек Текебаевдин жана Болот Шердин Бакиевдердин жана алардын жакындарынын мүлкүн тоноого болгон тийиштиги так аныкталган жок. Бирок күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча кыйыр түрдө тийиштиги болгондугу такталды. Анткени Өмүрбек Текебаев Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары, Болот Шер ички иштер министри катары ал окуялар тууралуу маалыматтары бар болгон. Андыктан алар Убактылуу өкмөттүн чиновниктери катары моралдык жана саясый жоопкерчиликтери болуусу керек. Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөновдун Баквиевдердин Бишкектеги мүлкүн тоноого катышкандыгы боюнча Башкы прокуратуранын өкүлүнүн билдирүүлөрү, көрсөтмөлөрү жана телефондук сүйлөшүүлөрү бар. Мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин, Юсуповдун, Оморовдун жана Шергазиевдин көрсөтмөлөрү айрым маалыматтарда чындыктын үлүшү бар экендигин тастыктап турат.

Үчүнчү бүтүм. Райкан Төлөгөнов бакиевдердин үйлөрүн жана офистерин талап-тоноодо Абдулла Юсуповго жана анын тобуна жетекчилик кылгандыгын тастыктаган маалыматтар турса да укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши толук кандуу иликтенбей, өндүрүш токтогулган. Бул коомдун бийликке болгон ишенимин жоготту.

Төртүнчү бүтүм. Себеп – Юсупов, Оморов, Шергазиевдер аларды Райкан Төлөгөнов акча, кызмат, үй берем деп алдап бербей койгонун, анын ордуна түрмөдө отургандарын ачык айтып чыккандыгы.

Бешинчи бүтүм. Мыйзам баардыгына бирдей болгондугуна карабай укук коргоо органдарынын 2010-жылы 7-8-апрелде болгон талап-тонолорго болгон мамилеси ар кандай. Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы Бакиевдердин жана алардын жакындарынын мүлкүн талап-тоноо боюнча кылмыш ишин токтотуп коюсу канчалык деңгээлде мыйзамдуу болгондугун карап чыгуу сунушу Башкы прокуратуга тапшыруу зарыл.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД