Япон машиналарынын радиациялык фону нормадан жүз эсе жогору

Япониядан алынып келген машиналардын радиациялык фону саатына 1 500 микрорентгенди түзөт. Бул нормадан 100 эсе көптүк кылат.

Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинен билдиргендей, машиналарды тез аранын ичинде алып чыгуу керек, бирок аны ким, кайда алып барары белгисиз. Бир топ машина учурда атайын полигондо сакталууда. Алынып келинген машиналар чоң көлөмдөгү радиацияны сиңирип алгандыктан аларды зыянсыздандыруу эч кандай жыйынтык бербейт.

Департаменттин директору Сабиржан Абдикаримов бул маселени көтөрүш керек жана ага кимдир бирөө жоопкер болушу кажет деген ойдо.

Бул маселени жөнгө салуучу орган Кыргызстанда жок. "Радиациалык коопсуздук жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, беш структура – Саламаттык сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги, жергиликтүү бийлик жана бажы кызматы – бул маселени текшерип, жөнгө салууга милдеттүү.

"Бирок бүгүн бул мыйзамга өзгөртүү киргизбестен алардын милдеттерин өкмөттүн алдындагы техникалык инспекцияга берип коюшкан. Алардын же жабдыктары, же радиациялык гигиена боюнча адистери жок. Бажы кызматынын радиациага карата текшерүү акты болбогондуктан алар машиналарды растаможка жасабайт", - дейт Абдикаримов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД