Жаңы төрөлгөн баласын дааратканага таштап, таш менен чамкылаган

Бишкекте куткаруучулар дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай кызды алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдирди.

Тоголок Молдо көчөсүндөгү барак тибиндеги үйдүн дааратканасынан баланын ыйлаганы угулуп атканы тууралуу билдирүү бүгүн түнү саат бирлер чамасында келип түшкөн. Ымыркайды үйдүн бир жашоочусу байкап калган. Окуя болгон жерге шаардык куткаруучулар жана укук коргоо органынын кызматкерлери келишкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча ымыркай бир нече күн мурун төрөлгөн. Өз баласынан кутулууну ойлогон эне баласын аңга таштаган соң, аны таш менен да ургулаган. Ымыркай шаардык ооруканалардын бирине жеткирилди. Азыр анын ден соолугу коркунучта эмес, ал болгону бир аз гана суукта туруп калган.

Бул окуя боюнча иликтөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД