Бишкектеги жер төлөөнүн биринен адамдын чириген сөөгү табылды

Бишкек шаарынын Циолковский көчөсүндөгү жылуулук түтүгү өтчү люктан куткаруучулар адамдын чириген сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдирди.

Тартип сакчыларынын билдирүүсүндө, өлгөн киши селсаяк болгон. Анын өздүгүн жана жашын аныктоо мүмкүн эмес. Сөөк бир айга жакын жаткандыктан бузулуп, сасып кеткен. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар люктан сөөктү алып чыгышкан. Тийиштүү документтер толтурулган соң, сөөк шаардык өлүк жайга жеткирилген. Селсаяктын сөөгү белгисиз адам катары жерге жашырылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД