"Газпромнефть-Аэро Кыргызстандын" дивиденди 1,5 миллиард сомду түздү

"Кыргызстандын бюджети "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" ЖЧКдан дивиденд катары 1,5 млрд сом алды", - деп Жогорку Кеңештин отун энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 5-февралда өткөн жыйынында комипаниянын директору Тилек Исаев билдирди.

Анын айтымында, "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун 2012-жылдагы таза кирешеси 3 млрд 88 млн сом болгон.

"2012-жылы компания салык катары 297 млн сом төлөдү", - дейт ал.

Эскертсек, 2011-жылдын 1-апрелинен тарта кыргыз-орус биргелешкен "Газпромнефть-Аэро" ишканасы жарандык авиациянын учактарын авиокеросин менен камсыздап баштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД