Экс-министр Равшан Сабировдун сот иши кайтадан кийинкиге жылдырылды

Бишкек шаардык сотунда мурдагы Социалдык өнүгүү министри Равшан Сабировдун сот иши кайтадан болбой калды. Экс-министр эл аралык балдарды асырап алуу боюнча чет элдик компаниядан ири суммада пара алган деп айыпталууда.

Сот ишинин кийинкиге жылуусу Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзаахмедовдун адвокаты Руслан Долаевдин өтүнүч каты себеп болгон. Адвокаттын айтуусунда Жогорку сотто анын башка иш боюнча жыйыны бар.

Экс-министрдин алгачкы сот иши 26-декабрга белгиленген, бирок азыркы кезге чейин түрдүү себептерден улам жылдырылып келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД