Ахматбек Келдибеков акыйкатчыны шайлоо учурунда жасалма иштер болгонун айтты

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 6-февралдагы, жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков акыйкатчыны шайлоо учурунда добуш берүүдө жасалма иштер болгонун айтты.

Депутаттын айтымында, ал өз коллегалары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовго көчмө добуш берүүнү уюштуруу керектигин, же болбосо алардын ишеним каты аркылуу ордуна добуш берүүнү суранган. "Бизге андай кылууга жол беришкен эмес болчу, бирок башка депутаттар да бир-бирине добуш бергени азыр билинип атат. Менде ал тууралуу фактылар бар, мен аны көргөзүүгө даярмын", - деди Келдибеков. Ал ошондой эле добуш берүүдөгү документтерди көргөзүүнү талап кылды.

Төрага Асылбек Жээнбеков атажуртчу депутаттын өтүнүчүн карай турганына сөз берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД