Айыл-чарба министрлиги Өзбекстандан жер семирткич келет деп ниет кылууда

"Өзбекстандан минералдык жер семирткич алынып келинсе, анын баасын Кыргызстандын базарларында арзандамак", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 6-февралдагы, жыйынында Айыл-чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга минералдык жер семирткичтер жетишпейт жана алардын баасы өтө эле кымбат. Эгер коңшу Өзбекстандан алынып келгенде алардын баасы базарда килограммына 13-15 сом болмок деп ишендирди. "Биз органоминералдык жер семирткичтерди колдонууну пландап атабыз. Аларды колдонууда түшүмдүүлүк 30%га жогорулайт. Беш жыл мурда өлкөгө ушундай жер семирткичтер болгону 5 тонна гана келсе, учурда 230 тонна келүүдө. Ушундай жер семирткичтерди алып келүүнү көбөйтүүгө ниеттенип атабыз", - дейт Узакбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД