Айыл-чарба министрлиги быйыл $106 миллиондук продукцияны экспорттоого белсенүүдө

2013-жылы Кыргызстан башка мамлекеттерге 106 млн долларлык жашылча-жемиш экспорттоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу жазгы-талаа иштерине болгон даярдыктарды талкуулоо учурунда Жогорку Кеңеште айыл-чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев билдирди.

Министр Кыргызстанда өстүрүлгөн жашылча-жемиштер экологиялык жактан таза деп чет мамлекетте баалана турганын белгиледи. Депутаттар, эгер айыл-чарба продукцияларын чет жакка сатуу жолго коюлса, дыйкандар да эртеңки күнүнө кабатыр болбой, бардык күчүн жер иштетүүгө жумшайт деп билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД