Бишкектеги кафелердин биринен кардардын 60 миң сом акчасын уурдап кетишти

Борбордогу кафелердин биринен кардардын ири суммадагы акчасы уурдалган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Жаш жигит кечинде кафелердин бирине барган. Жашы 20-25тердеги эки бала анын чөнтөгүнөн акчасын билгизбей уурдап алган. Чөнтөктө документтер менен бирге 60 миң сом да болгон. Ал балдар "Тойота Грация" үлгүсүндөгү машина менен окуя болгон жерден качып кетишкен.

Бишкек ШИИБнын ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлери аталган окуяга шектүү деп 26 жаштагы Нарын облусунун тургунун кармашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД