Красноярскда Кыргызстандын жаранын өлтүргөндөр соттолду

Красноярскда Кыргызстандын жаранын өлтүргөн төрт жергиликтүү тургун соттолду. Сот жоопкерчилигине мурда соттолгон 26 жаштагы Антон Ларин, 25 жаштагы Юлия Домрачева жана Денис Дмитриенко жана мурда соттолбогон 23 жаштагы Оксана Балакина тартылды.

Красноярск аймактык прокуратурасынан билдиргендей, жергиликтүү тургундардын курмандыгы 42 жаштагы Кыргызстандын жараны Шавкат Атаханов болгон. Окуя 2012-жылдын 3-майында болгон. Ларин мас абалындагы курмандыгын эл аз жерге алып барган, жанындагы дос кыздары Атахановду сабап, андан соң бычак менен сайгылап өлтүрүшкөн. Ларин Атахановдун сөөгүн жашыруу үчүн кыздарга жардам берген. Кылмышкерлер өлгөн жарандын уюлдук телефонун жана курун чечип алышкан.

Иликтөө учурунда белгилүү болгондой ушул эле жаштар 2011-жылдын 3-апрелинде 35 жаштагы Алексей Черкасовду да өлтүргөнү аныкталган. Анын денесин кароосуз калган үйдүн ичине жашырышкан. Черкасовдун сөөгү Атахановдун өлүмүнөн кийин бир жумадан соң табылган.

Соттун чечимине ылайык, Ларин 16 жылга катуу көзөмөлдөгү колонияга кесилди. Дмитриенко 13 жылга, Юлия Домрачева менен Оксана Балакино 13 жана 12 жылга эркинен ажыратылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД