Равшан Жээнбеков: Парламентти таркатууну каалаган күчтөр пайда болду

"Учурдагы парламентти таркатууну көздөгөн күчтөр пайда болду", - деп Жогорку Кеңештин 6-февралдагы жыйынында эркин депутат Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, буга ЖМКда чыгып аткан маалыматтар күбө. "Ал маалыматтарда өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органы өзүнүн бошоңдугун көргөздү, ошондуктан аны таркатуу керек. Бүгүнкү күнү принципиалдуу маселелердин бири - бул бюджетти реформалоо болууда. Андан парламенттин ачыктыгы жана айкындыгы көз каранды жана анын ишинин натыйжалуулугуна таасир берет", - дейт Жээнбеков.

Депутат ошондой эле, Жогорку Кеңеш парламентаризмди КМШ мамлекеттеринен үйрөнүшүнүн кажети жок экенин белгиледи. "Казакстандын парламентинен үйрөнүш керек деп айтуу туура эмес. Алар парламентаризмди бизден үйрөнүш керек", - деп баса белгиледи эркин депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД