Ысык-Көл облусунда 7 бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда мектепке чейинки билим берүүчү 7 объект муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында маалымдалды.

Ага ылайык, жакын эле өткөн Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын коллегиясында социалдык объектерди менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөгөн иштердин жакшы жыйынтыгы айтылган.

Республикадагы прокуратура органдары тарабынан 2012-жылы социалдык маанидеги 22 объект мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД