Кара-Балтада аял кызы менен иске ууланды

Кара-Балтада аял кызы менен иске ууланды. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, 43 жаштагы аялды жана анын 20 жаштагы кызын эс-учун жоготкон абалда табышкан жана дароо жергиликтүү ооруканага жеткиришкен. Учурда алар даарыгерлердин кароосунда.

Окуя болгон жерге ӨКМнын эксперттери да келишкен, алар уулануунун себебин аныкташат. Криминалисттердин баамында уулануу туура эмес орнототулган мештен улам болушу мүмкүн.

Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 5 өрт катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД