Сох менен чектеш аймакты тикенек зым менен тосуу үчүн түркүктөр орнотулду

Кыргызстан Сох анклавы менен чектеш аймакты тикенек зым менен тосуу үчүн алгачкы түркүктөрдү орнотту. Бул тууралуу 6-февралда Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан Чарбак айылынын тургундары менен журналисттердин жолугушуусунда белгилүү болду.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн айтымында, түркүктөр 260 метр аралыкка орнотулду. Жакын арада тикенек зымдарды тартуу башталат. Белгилесек, Кыргызстан менен Өзбекстандын талаштуу аймагы 136 чакырымды түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД