Муниципалдык кызматтын шаардыктарга такай отчет берип туруусу сунушталды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятников муниципалдык кызматтын башчыларына ар квартал сайын жасаган иштери тууралуу шаардыктарга отчет берип туруусун сунуштады. Ал мындай пикирин кечээ, 6-февралда, "ВБ"га билдирди.

"Алар шайланбайт, жок дегендей эл алдында отчет берип турсун. Каражатты бөлүштүрүү менен да алар алектенет. Талаш маселелерди чечүү үчүн депутаттардын жетиштүү укугу жок. Ал эми муниципалдык кызматтын андай укугу бар", - деп кошумчалады шаардык кеңештин депутаты.

Десятников анын сунушун Бишкек шаардык кеңештин депутаттары да колдогонун белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД