Исмаил Исаков аскерлердин качуу себебин айтты

"Аскерлер армиядан форманын жоктугунан жана шарттын начардыгынан качууда", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 7-февралдагы, жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков билдирди.

Анын айтымында, ал бүгүн жумушка келе жатып "Ак үйдү" кайтарган МУККнын 9-башкармалыгынын 3 аскерин көргөн. "Үчөөнүн тең формасы ар түрдүү. Бирөөсүндө америкалыктардын өтүгү, бирөөсүнда орусиянын формасы. Алардын формасы талаага ылайыкташкан. Эмне үчүн күнүмдүк кийе турган форма жок? Аскерлер кордуктан жана зомбулуктан, кызмат өтөө үчүн ырастуу шарттын жоктугу – тамак-аш, кийимдин жана адилеттүү мамиленин жоктугунан улам качып атат", - дейт Исаков.

Ал ошондой эле "Ак үйдү" кайтарып аткан аскерлер "парламенттин жүзү" экенин белгилеп, аларга тийиштүү көңүл буруу керек, - деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД