Жансакчы: "Ак үйдүн" темир торунан Ташиевдин коопсуздугу үчүн секиргем

"Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаты Камчыбек Ташиевдин жансакчысы Бекзат Исаев 2012-жылдын 3-октябрындагы митинг учурунда эмне үчүн темир тордон секиргенин айтты. Анын айтуусунда депутаттын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн анын артынан барган.

Исаев митинг учурунда жана андан кийин да Ташиевдин жанында болгонун билдирди. Ал судьянын суроолоруна жооп берип атып, травматикалык тапанча алып жүрүүгө уруксаты бар экенин айтты. Анан тапанчасы нааразычылык акциясынан кийин тартылып алынган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД