Бакыт Төрөбаев Жерүй алтын кенин иштетпөөнү талап кылды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 7-февралдагы, жыйынында вице-спикер Бакыт Төрөбаев Жерүй алтын кенин иштетүүнү токтотуу керектигин билдирди.

Анын айтымында, аны иштетүү учурунда тоо-тектери жардырылат, ал муну "коркунуч алып келет" деп эсептейт. "Ушундан улам алтын кени орун алган тоодо жарака пайда болушу мүмкүн. Ушундан улам Талас облусуна кыйратуучу жер титирөөгө алып келиши ыктымал. Ошондой эле уулу заттарды сактаган жай да коркунуч алып келет. Дале болсо анын рекультивациялык маселеси көтөрүлө элек", - дейт Төрөбаев.

Вице-спикер: " Эгер маселени чечпесе, аймакка экологиялык зыян келет", - деп белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД