Дамира Ниязалиева: Гепатит С менен ооругандардын 40%ы клиникалардан жуктурган

"Гепатит С жуккан кишилердин саны Кыргызстанда 200 миң кишини түзөт. Алардын 40%ы клиникалардагы шаймандардан же кан куюу учурунда жуккан", - деп бүгүн, 7-февралда, журналисттер менен болгон жолугушууда депутат Дамира Ниязалиева билдирди.

Анын айтымында, гепатит С дартынан дарылануунун 48 жумалык курсу 14 миң долларды түзөт. "Бул дарттан дарылануу эл үчүн кымбат. Ар бир киши бардык дарыны сатып алуугу жетишүүсү керек. Учурда арзан дарыларды алып келүү боюнча жолдор каралууда", - деп кошумчалады ал.

Эл өкүлү өлкөнүн мыйзамы арзан каражатты алып келүүгө уруксат берет. "Саламаттыктык сактоо министрлиги бул дарылардын сапатын текшериш керек", - деп белгиледи ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД