Кыргызстанда 380 миң юридикалык тарап жыл сайын салык декларациясын тапшырат

Кыргызстанда 380 миң юридикалык тарап жыл сайын бирдиктүү салык декларациясын тапшырат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 7-фералдагы, жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-апрелинен баштап пландалган Бирдиктүү салык декларациясынын киргизүүлүүсү менен жарандар жана жеке ишкерлер милдеттүү түрдө өз кирешесин көргөзүшү керек болот.

"Бирок эл ага даяр эмес. Тажрыйба көргөзгөндөй жарандардын ага көнүүсү кыйын. Бирок декларацияны киргизүү эки жылга жылдырылды, бирок бул кирешенү көргөзбөй коюуга болот дегендикке жатпайт. Жарандар өз эрки менен документти тапшырса болот. Бирдиктүү салык декларациясын киргизүү кечеңдетилгенине карабастан жарандардын көнүшү үчүн ишти жүргүзө беребиз. Биз ишендирүү жолу менен барабыз", - дейт Масалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД