Камчыбек Ташиев атажуртчуларга карата саясый тапшырма болгонун айтты

Камалган "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев бүгүн сот отурумунда ага карата коюлуп аткан айыптардын баары жасалма экенин айтты. Эскертсек, Ташиев 2012-жылдын 3-октябрындагы митингде бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталууда.

"Бир мисал келтирейин. Мен иш менен таанышып чыктым. Ал жакта мени митинг учурунда "Ак үйдүн" 15 күзөтчүсүн жарадар кылды деп жазылып турат. Ошол эле учурда тергөө да менин колумда чондугу 5-7 мм таш болгонун айтууда. Мен эки кичинекей таш менен кантип 15 кишини жарадар кыла алам? Булардын бары иштин жасалмалуулугунан кабар берет. Тергөөчү жасалма далилдерди келтирүүдө. Алар болгону оппозициялык депутаттар – мени, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду темир тор артына отургузууга гана аракет кылып атат", - дейт Ташиев.

Анын айтымында, аны жана коллегаларын саясый тапшырма менен камакка алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД