Жолдошова төрагандан атамекенчилерге болушпоону талап кылды

Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги №1 тергөө абагында камакка алынган кишилердин 2010-жылдын 7-9-апрель күндөрү болгон тоноочулук боюнча көрсөтмөсүн иликтөөгө алган убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун кароо учурунда "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова төрага Асылбек Жээнбековду атайылап "суроолор менен талкууну создуктурдуңуз" деп айыптады.

Депутаттын айтымында, Жээнбеков бул маселени талкууга алты ай бою алып чыккан эмес. Жолдошова ошондой эле, камакка алынган Абдулла Юсуповдун айткандары боюнча видеотасманын толук варианты ЖМКга жеткен эмес. Депутат видеотасманы милициядан, же Башкы прокуратурадан алып, аны пленардык жыйында көргөзүүнү сунуштады.

"Биз ал тасманы толугу менен көрүп чыгышыбыз керек, анткени Юсупов 2010-жылдын апрелинде талоонго кабылган бардык объектер тууралуу айткан. Сиз, төрага бул маселени кароону создуктургандыгыңыз үчүн күнөөлүсүз. Дүйнө жүзүндө тоноочулук оор кылмыш болуп саналат", - деди Жолдошова.

Төрага Жолдошованы "тынч, кыйкырбай өз оюңузду айтыңыз" деп каяша жооп берди. Жолдошова төрагага кайта "Сиз бул жерде убактылуу гана отурасыз. Сиз бүгүн төрага болсоңуз эле ар кимдин оозун тыя албайбыз. Сиз парламенттин биринчи, же акыркы төрагасы эмессиз. Андыктаң өзүңүздү тийиштүү деңгээлде алып жүрүңүз", - деди депутат айым.

Эскертсек, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев күн тартибиндеги маселени кароодо депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмоновго эле эмес, комиссиянын башка беш мүчөсүнө да сөз берүүнү суранган. Алар Осмонов менен макул болбой өздөрүнүн корутундусун чыгарышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД