Курманбек Осмонов: Комиссия атамекенчилерди каралап, же актабайт

Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынгандардын 2010-жылдын 7-9-апрелдеги тоноочулук боюнча берген көрсөтмөлөрүн иликтөөгө алган убактылуу депутаттык комиссиянын жетекчиси, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн тоноочулукка тийиштиги бардыгын өткөн жылдын аягынан баштап эле ЖМКлар жазып, талкуулап атканын билдирди.

"Кечээ атамекенчилер биздин комиссиянын келтирген далилдерин жокко чыгарабыз деп маалымат таратты, ал эми комиссияны меники деп аташты. Бирок ал менин комиссиям болушу мүмкүн эмес, анткени ал бардык депутаттык корпустун тапшырмасы менен түзүлгөн. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары биздин далилдерди төгүндөп атат, бирок ошол эле учурда өздөрүнүн ой-корутундусуна кол койбой атат", - деди Осмонов.

Ал ошондой эле "комиссия өз жыйынтыгына ашыкча эч нерсе жазган жок, болгону фактыларды түшүндүрүүгө аракет кылдык", - деди. "Биздин комиссия кимдир бирөөнү каралап, же актаган жок. Биз бул кырдаалды түшүндүрүүгө гана аракет кылдык", - деди депутаттык комиссиянын жетекчиси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД